mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министр Талантбек Солтобаев Грузиянын элчисин кабыл алып, транспорт тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн, 26-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Грузиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Леван Диасамидзени кабыл алды.

Анда министр алгач элчини ишеним грамотасын тапшырышы менен куттуктап, транспорт тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кыргыз тарап даяр экенин билдирди. Андан соң, жолугушууда тараптар транспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнү, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү жана эки өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууну талкууга алышты. Мындан тышкары, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун мааниси, CASCA+ жана “Орто коридор”багыттары аркылуу жүк ташууну өнүктүрүү маселелерине көңүл бурушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп жана аталган темир жолдун ишке кириши Грузиянын порттук инфраструктурасын пайдалануу аркылуу Европа рынокторуна чыгуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты. Ал эми элчи Леван Диасамидзе бул жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеп, транспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ролу өзгөчө чоң экенин  жана биргелешкен иштерди мындан ары активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошол эле учурда  элчи өлкөдө болуп жаткан оң өзгөрүүлөрдү жогору баалады. Мындан тышкары, Грузия тарап транспорт жана башка өз ара кызыкчылык жараткан тармактардагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин айтып өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт тармагындагы эки тараптуу жумушчу топ түзүү маселеси да талкууланды. Соңунда тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө дайым даяр экендиктерин билдиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы