Манас-Камышановка унаа жолуна 10 чакырым асфальт төшөө башталды
- 30 просм.
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Манас-Камышановка унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Аталган унаа жолдун жалпы узундугу 30 чакырымды түзөт, ал эми 2026-жылдын Титулдук тизмесине ылайык 10 чакырым жолго асфальт төшөө иштери каралган. Учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүрүп жатат.
Жол оңдоо иштерин “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №958 Жол тейлөө ишканасы аткарууда.
Бул унаа жол Манас, Дача-Суу жана Камышановка айылдарын бириктирген маанилүү транспорттук байланыш болуп саналат. Жолдун оңдолушу жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактагы транспорт кыймылын жакшыртууга өбөлгө болот.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


