Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу ачылды
- 136 просм.
Бүгүн Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу ачылды.
Узундугу 36,6 метрди түзгөн көпүрө 5,5 метрге кеңейтилип жана ага кошумча жөө жүргүнчүлөр үчүн дагы жаңы көпүрө курулуп, толугу менен колдонууга берилди.
Мындан тышкары, жолдун 0-350 чакырым аралыгына калыңдыгы 9 см болгон асфальт-бетон жабындысынын биринчи катмары төшөлдү.
Жолдун эки тарабында тротуарлар, ал эми оң тарабында лотоктор орнотулду.
Реконструкциядан кийин жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейтилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



