Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Турганбаев Кубанычбек Жээналиевич
- 27 просм.
Турганбаев Кубанычбек Жээналиевич 1981-жылдын 29-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында туулган.
Билими:
2006-жылы Бишкек шаарындагы Эл аралык Кыргызстан университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
Эмгек ишмердүүлүгүн 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде баштаган.
• 2007–2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде ар кандай жетекчилик жана жооптуу кызматтарды аркалаган.
• 2022-жыл (март–июль) – «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын «Кумтөр» кениндеги коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары.
• 2022–2024-жж. – «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын «Кумтөр» кениндеги коопсуздук кызматынын башчысы.
• 2024-2026-жж. – «Азия Имарат» ЖЧКсынын башкы директору болуп эмгектенген.
• 2026-жылдын июль айынан тартып – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары.
Сыйлыктары:
Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана мамлекеттик кызматтагы жетишкендиктери үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Алардын катарында:
• «Милдет» төш белгиси;
• «Эрдик» төш белгиси;
• Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын «Ардак грамоталары»;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан тапшырылган энчилүү саат;
• «Аскердик кызматташтыкты чыңдаганы үчүн» медалы;
• «Улуттук коопсуздук органдарынын отличниги» төш белгиси;
• «Аскердик милдетти үлгүлүү аткаргандыгы үчүн» I жана II даражадагы медалдары.
Аскердик наамы:
Майор