Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүүдө
- 24 просм.
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө.
Инфраструктура жаатында: убактылуу электр линияларын орнотуу иштери аяктады (4 трансформатордук станция орнотулду, 2 095 мамылар коюлду, 259 чакырым зым линиялары тартылды). Темир жолдун бүт участогу боюнча 192,323 чакырым убактылуу жолдор курулду.
Ошондой эле, айрым участоктордо жер казуу иштери башталып, жер полотносун түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Долбоордо 29 тоннелдин курулушу каралган, тоннелдердин жалпы узундугу 104,83 чакырымды түзөт.
29 тоннельдин баарында (анын ичинде узундугу 5 чакырымдан ашкан 8 тоннель) жер астындагы казуу иштери жүргүзүлүүдө.
Коридор боюнча жалпы 3 ири тоннел курулушу пландалган, ар биринин узундугу 12 чакырымдан ашат:
1. Нарын №1 тоннели;
2. Кош-Добо тоннели;
3. Фергана тоннели.
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу болжол менен 530 чакырымдан ашат, анын ичинен 304 чакырымга жакыны Кыргызстандын аймагынан өтөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

