mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кыргызстанда өткөн IX эл аралык автожүрүш жыйынтыкталды

22–26-июль күндөрү Кыргызстанда Тоолуу автомобиль жолдору боюнча Өкмөттөр аралык жолчулар кеңешинин  IX Эл аралык автожүрүшү өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Словакиянын жол тармагынын өкүлдөрү, эксперттер жана окумуштуулар катышты.

Автожүрүш Ош – Өзгөн – Манас – Казарман – Балыкчы – Чолпон-Ата – Түп – Каракол багыты боюнча өтүп, катышуучулар тоолуу автомобиль жолдорунун абалы, курулушу, эксплуатациясы жана күтүмү менен жеринде таанышышты. Автожүрүштүн алкагында Манас шаарында эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулуп, тоолуу жолдорду өнүктүрүү, жол кыймылынын коопсуздугу, заманбап технологияларды колдонуу жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.

Иш-чара мамлекеттер ортосундагы транспорттук кызматташтыкты чыңдоого, жол тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга жана тоолуу жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Кыргызстандагы этап аяктагандан кийин автожүрүш өз багытын Казакстандын аймагында улантты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы