Кулактандыруу
- 16 просм.
Корумду – Балбай Баатыр (104–184,5-чакырым) автожолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында жолду талаптагыдай кароо жана тейлөө үчүн атайын жол техникаларын сатып алуу жыйынтыкталды.
Эл аралык тендердин жыйынтыгында кытайдын “Yema Group Co., Ltd.” компаниясы жеңүүчү деп табылып, жолдорду кароо жана тейлөө үчүн техникалар жеткирүү боюнча контракт түзүлдү. Контракттын жалпы суммасы 1 млн 266 миң 200 АКШ долларын түзөт.
Келишимдин шарттарына ылайык, жолдорду кароо жана тейлөө үчүн техникалар 90 күн ичинде алынып келинип, 12 айлык кепилдик мөөнөтү каралган.