mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 30-мартта Министрликке караштуу “Кыргызавтобекети” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Батыш автовокзалынын аймагын   тазалашты.

Анда жол чети ирээтке келтирилип, айлана толук тазаланды.

 

Социалдык инфраструктураны жана санитардык абалды жакшыртуу, шаарларды жана калктуу конуштарды көрктөндүрүү максатында өткөрүлгөн ишембиликке министрликтин 40 жакын кызматкерлери активдүү катышып, өздөрүнө бекитилген участокторду тазалашты.

 

Ал эми 29-март күнү «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты. Темир жолчулар күрөк, айры, шыпыргы менен куралданышып, айлананы таштандылардан тазалашты.

 

Иш-чарага “Кыргыз темир жолу” ишканасынын борбордук аппаратынын жалпы жамааты, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн, бекеттердин кызматкерлери катышты.