mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Корумду-Балбай жолунун курулуш иштери башталды

Ысык-Көл айланма жолунун 104-184,5-чакырымдар аралыгын (Корумду-Балбай-Баатыр тилкеси) реконструкциялоо” долбоору боюнча курулуш иштери башталды. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жана башка кызматкерлер менен жергиликтүү тургундар катышты.

Төрага Акылбек Жапаров «Бүгүн биз бул жолдун курулушун баштайбыз. Президенттин алгачкы тапшырмаларынын бири Ысык-Көлдү айланып өтүүчү эл аралык стандартка жооп берген жолдун курулушу болду. Бул жолдун жалпы баасы 111,07 миллион долларды түзөт. Бул каражаттарды бизге өнөктөштөрүбүз: Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт Араб экономикалык фонду, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонддору берет. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан биздин өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем. Анын ичинен 1,1 млрд сом (12,8 млн доллар) бюджеттен бөлүнгөн», — деп билдирди. 

Ошондой эле, Төрага Акылбек Жапаров курулуш иштерин бекитилген графиктен кечикпей, өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. 

Белгилей кетсек, азыркы тапта подрядчы тарабынан (China Road and Bridge Corporation) жеринде жумушчу күчүнүн курамын топтоо, тиешелүү техникаларды тартуу иштери менен катар подряддык базанын жана консультанттык кеңселердин курулуш иштери кызуу жүрүп, аяктоо алдында турат. Долбоорго ылайык, кээ бир тилкелерде бак-дарактарды кыюу иштери аткарылууда.

Курулуш мөөнөтү 2024-2027-жылдарга белгиленген унаа жол төрт тилкелүү болуп, тротуар, велосипед жолу менен 14 көпүрөнүн жана 877 суу өткөргүчтөрдүн курулушу менен реконструкциялоо жумуштары каралган. Ошондой эле, долбоордун алкагында жарыктандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, темир бетон парапеттер, тосмолор орнотулуп, эс алуу зонасы бар унаа токтотуучу жайлар курулат. Мындан тышкары, долбоордо жолду жашылдандыруу да каралган. Алдыда кыйылган бак-дарактардын ордуна 1:3 катышта жаңылары отургузулмакчы.

Айта кетчү жагдай, долбоордун алкагында кереметүү көлүбүздүн экологиясына кечиктирилгис чараларды көрүү менен абанын булганышын азайтуу максатында курулуш иштерине атмосферага эч кандай көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарбаган толук электр самосвалдары колдонулат. Алардын бир артыкчылыгы өзгөчө туристтик мезгилде дизель менен иштегенге караганда тынчыраак болуп, ашыкча азы-чууну азайтат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы