mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Корумду – Балбай баатыр унаа жолунун 70 чакырымына асфальттын 2-катмары төшөлдү

Ысык-Көл айланма автожолунун 104–184,5-чакырымындагы Корумду – Балбай баатыр тилкесин реконструкциялоо иштери тынымсыз уланууда. 

Бүгүнкү күндө жалпы 79,2 чакырым төмөнкү катмардагы асфальт төшөлүп бүттү. Ошондой эле 71,6 чакырым аралыкка (ЩМА) асфальттын үстүңкү катмары төшөлдү.  Мындан тышкары, 14 көпүрөнүн жана 2 жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн курулушу аяктады. Негизги жолдо 235 суу өткөрүүчү түтүк орнотулуп бүттү. Ал эми бурулуштарда, аялдама аянтчаларында, тротуарларда жана велосипед жолдорунда каралган 654 жердин 452синде суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери аяктады.

Аталган унаа жол төрт тилкеге чейин кеңейип, тротуарлар жана велосипед жолу курулат. Ошондой эле 877 суу өткөрүүчү түтүк орнотуу каралган.

Белгилей кетсек, Корумду – Балбай тилкеси 17 калктуу конуш аркылуу өтөт. Реконструкциялоо иштеринин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бардык техникалык талаптар сакталууда. Тиешелүү тилкелерде убактылуу багыттоочу каражаттар жана жол белгилери орнотулган. Жол курулушунун жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы