Комсомол – Барпы – Түрк-Абад автожолуна асфальт төшөлүүдө
- 33 просм.
▪️Комсомол – Барпы – Түрк-Абад автожолунун жалпы узундугу 5 километр 400 метрди түзөт. Учурда жолдун 4 километр бөлүгү төрт тилкелүү болуп, эки катмар асфальт толук төшөлүп бүттү. Калган бөлүгүндө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
▪️Жол куруу иштерине 15 самосвал, 2 каток, 1 асфальт төшөөчү техника, 3 экскаватор жана 10 жүк ташуучу унаа тартылып, 20га жакын кызматкер эмгектенүүдө.
▪️Жолдун жаңыланышы аймактагы транспорттук каттамдарды жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылууга багытталган. Курулуштун жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

