mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусунда Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу кызуу уланууда.

Жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн бул айланма жол — эки тилкелүү жана заманбап талаптарга жооп берген долбоор.

Бүгүнкү күндө аталган жолдо жалпы инженердик курулмалар, анын ичинде суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Учурда асфальт-бетон төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул жол Кербен шаары үчүн гана эмес, бүтүндөй аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ. Анткени жаңы жол аркылуу Ала-Бука, Сары-Челек, Кош-Дөбө тарапка каттаган унаалар Кербен шаарынын борборуна кирбей, айланып өтө алышат.

Натыйжада шаар ичиндеги транспорт агымы азайып, жол кыймылынын коопсуздугу жогорулайт.

Мындан тышкары, Чаткал жана Ала-Бука райондоруна каттам үчүн дагы кошумча ыңгайлуу жана коопсуз шарттар түзүлөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы