mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кел-Суу көлүндөгү кайыкчыларга коопсуздук талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Нарын облусундагы инспектору жана министрликтин маалымат саясаты секторунун өкүлдөрү жергиликтүү кайыкчылар менен жолугушуп, түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жүргүзүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө суу транспортун коопсуз пайдалануу, кайыктардын техникалык абалы, тиешелүү каттоо номерлеринин болушу, суу транспортун башкарууга уруксат берүүчү документтердин (судовой билет)кайык башкаруучунун тиешелүү күбөлүгүнүн болушу текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү документтери толук эмес кайык ээлерине эскертүүлөр берилип, мыйзам талаптарын бузган жана тиешелүү документтери жок учурлар боюнча белгиленген тартипте протоколдор түзүлдү.

Мындан тышкары, Кел-Суу көлүнө келген туристтердин агымы акыркы жылдары кыйла көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, кайыкчыларга жүргүнчүлөрдүн өмүрү жана коопсуздугу биринчи орунда турушу керектиги белгиленди.

Министрликтин өкүлдөрү кайыкчыларды суу транспортун тиешелүү уруксат берүүчү документтердин негизинде гана пайдаланууга, кайыктардын техникалык абалын дайыма көзөмөлдөөгө, белгиленген коопсуздук талаптарын так сактоого жана жүргүнчүлөрдү ташууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырышты.

Ошондой эле аба ырайынын жана көлдөгү шарттардын өзгөрүшүн эске алуу, кайыктын уруксат берилген сыйымдуулугунан ашыкча жүргүнчү ташыбоо жана коопсуздук каражаттары менен камсыз кылуу зарылдыгы түшүндүрүлдү.

Кел-Суу көлү туристтер көп барган кооз жайлардын бири болгондуктан, суу транспортунда коопсуздукту камсыз кылуу — кайык ээлеринин гана эмес, тиешелүү мамлекеттик органдардын да негизги милдеттеринин бири. Ушуга байланыштуу министрлик тарабынан суу транспортун пайдалануудагы мыйзам талаптарынын сакталышы жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көзөмөл иштери мындан ары да улантылат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы