Кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жеткен Түп–Кеген жана Каркыра–Турук–Сары-Жаз жолдору толугу менен ачык
- 68 просм.
Бүгүн, 18-ноябрда Ысык-Көл облусундагы Түп–Кеген эл аралык унаа жолу жана Каркыра–Турук–Сары-Жаз унаа жолу толугу менен ачык. Учурда каттам үзгүлтүксүз камсыздалып, жеринде №4 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолду кеңейтүү жана инерттик материалдарды себүү иштери өз убагында жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле министрликтин атайын техникалары тартылып, жолдун коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер аткарылууда.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда 15-ноябрда тынымсыз кар жаап, анын натыйжасында Түп–Кеген эл аралык унаа жолунун 33–76-чакырымдар аралыгында кардын калыңдыгы 30–40 сантиметрге жеткен.
Ал эми Каркыра–Турук–Сары-Жаз жайлоосуна кеткен жолдун 16-чакырымында 40 сантиметр, Түптөн Каркыра айылына чейинки жолдо 10–20 сантиметр кар жааган. Жолчулар болсо жолду кардан тазалоо үчүн күнү-түнү эмгектенишкен.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы