mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кара-Суу районунда  61 чакырым  жол асфальтталууда

 2026- жылга карата  бектилген  планга  ылайык, Кара-Суу району боюнча  жалпысынан  61 чакырым 690 метр  жолго  асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат.

Атап айтканда, Ош – Кара-Суу унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында узундугу 18 чакырым 690 метр чакырым жол асфальтталууда. Жолдун туурасы 15 метрден 22 метрге чейин жетип, 4 тилкелүү болот. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн туурасы 3 метр болгон жөө адамдар өтүүчү жана велосипеддер үчүн жол курулууда.

Кара-Суу – Октябрь — Кызыл-Кошчу  унаа жолунун  9 чакырымы  толугу менен асфальтталып бүттү. Анын  5 чакырымы  титулдук тизмеден , 4 чакырымы “Капиталдык салымдар” беренесинен  эсебинен каржыланды.

Узундугу  13 чакырымды түзгөн  Садырбай-Каратай  унаа жолунда  подряддык уюм  тарабынан  жолду кеңейтүү  жана жер  иштерин жүргүзүү  иштери аткарылууда.

 Ошондой эле  узундугу 5 чакырым болгон Ош-с/з Кара-Суу унаа жолу  боюнча  долбоордук-сметалык (ПСД)  даярдалып, жакынкы күндөрдө  курулуш иштери башталат.

Курбан-Кара -“Ынтымак” өткөрмө пункт  унаа жолунда  7 чакырым аралыкта асфальт төшөө үчүн  жер иштери аткарылууда.

 4 чакырым аралыкты түзгөн  Нариман-к/з Ленин  унаа жолунун  долбоору иштелип чыгып, ондоо иштерин  жакын арада  баштоо пландалууда.

Ал эми Кара-Суу шаары менен “Кара-Суу” өткөрмө пунктун бириктирген Х.Юлдашев унаа жолунда  бир катмар асфальт төшөлүп, жолдун четине  суу лотоктору орнотулду.

ПАД-к/з Фрунзе  унаа жолунда жана Ош шаарынын “Ош”  Эл аралык аэропорт менен Кашкар-Кыштак айланма жолунда дагы асфальт төшөө үчүн, жер  иштери жүрүүдө.

Транспорт  жана коммуникациялар министрлиги  аймактар аралык  байланышты чыңдоо  жана жол коопсуздугун  жогорулатуу  максатында  жол  куруу иштерин  графикке ылайык  жүргүзүүдө. Курулуш иштери министрликтин  көзөмөлүндө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматы