Каракол – Эңилчек стратегиялык жол долбоору: курулуш иштеринин сапаты жана мөөнөтү жеринде көзөмөлгө алынды
- 110 просм.
🔰Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен биргеликте Президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндөгү стратегиялык инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон Каракол–Эңилчек автомобиль жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышышты.
Иш сапардын жүрүшүндө курулуш иштеринин графикке ылайык аткарылышы, жол курулушунун сапаты, ошондой эле курулуш объектисин керектүү материалдар жана атайын техника менен өз убагында камсыздоо маселелери каралды.
Подрядчы уюмдардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн маалыматын угушкан соң, долбоорду белгиленген мөөнөттө жана талаптагыдай сапатта бүткөрүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Каракол – Эңилчек унаа жолу Ысык-Көл облусунун транспорттук байланыштарын жакшыртууда, алыскы калктуу конуштардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда жана аймактын туристтик-экономикалык потенциалын өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ болгон стратегиялык долбоорлордун бири болуп саналат.
Министрлик тарабынан бул долбоордун сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашырылышы туруктуу көзөмөлдө болот.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

