mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Каракол шаарындагы автобекет оңдолуп, айланасы асфальтталат

1988-жылы колдонууга берилген бул имарат бүгүнкү күнгө дейре капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Мындан улам автобекеттин чатыры жараксыз абалга келип, андан кирген жаан-чачын, эриген кардын суулары ички дубалдарын уратып, айрым бөлмөлөрү такыр жарактан чыгып калган.

Айта кетсек, автобекеттин башкы имараты Каракол шаардык Кеңешинин токтомунун негизинде тарыхый-маданий жана архитектуралык обьектилердин тизмесине киргизилген.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев имараттын абалы менен таанышып чыгып, тиешелүү маалымат алган соң, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү менен айланасын асфальттоо тапшырмасын берди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы