Кант АБЗ унаа жолун курууда ресайклинг технологиясы колдонулууда. Министр жерине барып, жол куруу иштери менен таанышты
- 20 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Кант асфальт-бетон заводунун (АБЗ) аймагында жүрүп жаткан жол куруу иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, колдонулуп жаткан ресайклинг технологиясынын артыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурду.
Кант АБЗ автомобиль жолун асфальттоо иштеринде ресайклинг технологиясы колдонулууда. Бул технологиянын негизинде жолдун эски асфальт катмары атайын техника менен ошол жерде эле кайра иштетилип, шагыл жана башка керектүү материалдар кошулат. Натыйжада асфальт басууга чейинки жолдун негизи даярдалат. Кайра анын үстүнө жаңы асфальт катмары төшөлөт.
Бул технологиянын бир катар артыкчылыктары бар. Биринчиден, эски материал кайра колдонулгандыктан курулуш чыгымдарын азайтат. Экинчиден, жаратылыш ресурстарын үнөмдөйт, анткени жаңы таш, кум жана башка инерттүү материалдарга болгон муктаждык төмөндөйт.
Мындан тышкары, курулуш иштеринин мөөнөтүн кыскартып, жолдорду реконструкциялоо жана оңдоо иштерин кыйла ыкчам жүргүзүүгө шарт түзөт. Бул ыкма көп жылдан бери жол курууда башка өлкөлөрдө кеңири колдонулуп келет.
Ресайклинг технологиясын колдонуу жол куруу тармагында заманбап инженердик чечимдерди ишке киргизүүгө, мамлекеттик каражаттарды үнөмдүү пайдаланууга жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


