mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Өлкөдө 1208 чакырым жол асфальтталды

Өлкө боюнча жол куруу жана оңдоо иштери жогорку темпте уланууда. 19-августка карата республика аймагында жалпы 1208 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге жакын жогорулады. Тактап айтканда, 2025-жылдын 19-августуна карата 597 чакырым жол асфальтталган болсо, быйылкы көрсөткүч 611 чакырымга өстү.

Жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмүнүн өсүшү өлкө аймактарындагы инфраструктураны жакшыртууга, транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган иштердин жогорку темпте жүргүзүлүп жатканын билдирет.

Учурда өлкөнүн бардык аймактарында жолдорду куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштери улантылууда. Жолдордун курулушу министрликтин көзөмөлүндө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы