Жол жээгиндеги тазалык үчүн жаңы урналар орнотулууда
- 93 просм.
№10 Жол тейлөө мекемеси тарабынан республикалык маанидеги Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 137-чакырымында жана Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 28-чакырымында таштанды салуучу урналар орнотулууда.
Аталган иштер жол боюндагы санитардык тазалыкты камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана жол жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө.
Жол жүргүнчүлөрүнөн таштандыларды атайын орнотулган урналарга таштап, тазалыкты сактоого чакырабыз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызмат