mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолчулар Ала- Бел ашуусунун жол жээгиндеги таштандыларды тазалашууда

Жаз мезгилинде туристтердин агымы көбөйгөнү мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдордун абалына жана тазалыгына өзгөчө көңүл бурулууда. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин   “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын   №23 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары Бишкек – Ош автожолунун Ала-Бел ашуусундагы жол жээгиндеги  таштандыларды тазалашууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бардык жарандарды автожолдорго акыр-чикирлерди таштабастан, өзгөчө  табияты кооз ашууларды булгабай тазалыкты сактоого чакырат.  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы