mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жер көчкү түшкөн жол тилкеси тазаланууда

2024-жылдын 28-апрелинде болжол менен саат 23:00 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун Казарман — Жалал-Абад участкасында (364+250 — 364+350-чакырымдарында) жердин көчүшү башталып, азыркы учурга чейин уланууда.

Мындан тышкары, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жолдун 364+100-чакырымында сел жүргөн.

Бул жаратылыш кырсыктары жолду убактылуу жабууга алып келген.

Жер көчкүнүн кыймылы салыштырмалуу турукташкандан кийин бүгүн, 29-апрель күнү жерине атайын техникалар жана жолчулар («Чайна Роуд» ишканасынан) тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Учурда бир тараптуу каттам бар. Бирок азыркы тапта да жер көчкү акырындап жылып жаткандыгына байланыштуу кийинки аракеттер (тазалоо иштери ж. б.) кырдаалга жараша жасалат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды аталган участокто этият болууга жана келип жаткан маалыматтарга көңүл бурууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы