mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Жаңы «Ош базары» менен «Батыш автобекетине» алып баруучу жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат

Жаңы «Ош» базары менен «Батыш» автобекетине алып баруучу жаңы жолдун курулушу уланууда.

Бул жаңы салынып жаткан жол Профсоюз көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чыгат. Долбоорго ылайык, жолдун жалпы узундугу 5 чакырым 800 метрди түзөт.

Долбоордун алкагында жаңы «Ош» базарына жана жаңы автобекетке алып баруучу дагы эки кошумча жол салынат. Алардын бири 1 чакырым 600 метр, экинчиси 1 чакырым 300 метр узундукта болот.

Мындан тышкары, долбоордун курамында 13 суу өткөрүүчү түтүкчө, жарыктандыруу тутуму, тротуарлар жана бир көпүрө куруу каралган. Көпүрөнүн узундугу 18 метрди, туурасы 25 метрди түзөт. Ал Чоң Чүй каналынын үстүнө салынууда.

Учурда курулуш аянтында жер иштери жүрүп жатат.
Жеринде 100 даана атайын техника жана 100дөй жумушчу тынымсыз иш алып барууда.

«Ош» базары менен «Батыш» автобекети шаардын сыртына көчүрүлүп жаткандыктан, бул жол келечекте башкы транспорттук артерия болуп калат.

Атап айтканда, бул инфраструктуралык долбоор шаардагы унаа тыгындарын азайтып, долбоор толук ишке ашырылганда жаңы базарга жана автобекетке каттамдар кыйла жеңилдейт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы