mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Жаңы «Ош базары» менен «Батыш автобекетине» барчу жолдун курулушунда 100дөн ашык жумушчу иштеп жатат

Бишкек – эл аралык «Манас» аэропорту унаа жолунун 11+800-чакырымында заманбап транспорттук түйүн жана жалпы узундугу 8,74 чакырымды түзгөн кире бериш жолдор салынууда.
Бүгүнкү күнгө карата 5 800 метр аралыкта жолдун борбордук огун белгилөө иштери толук аяктады.
Объект боюнча жалпысынан 8 290 метр аралыкта өсүмдүк катмарын жана кыртышты сыйрып тазалоо жумуштары аткарылды. Ошондой эле, жолдун ар кандай тилкелеринде үймөктөрдүн катмарларын төшөө иштери жүрүүдө.
Ал эми дренаж тутумун тартипке келтирүү багытында жолдун оң тарабында 190 метр аралыкта дренаждык катмар үчүн таш төшөө жумуштары аткарылып бүтүп, учурда котловандар казылууда.
Жеринде жалпысынан 93 даана атайын техника жана 101 жумушчу иштеп жатат.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы