mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району менен Нарындын Ак-Талаа районун байланыштырган Кара-Гоо ашуусу ачылып, бир тараптуу каттам берилди

Белгилүү болгондой буга чейин Нарын-Акталчат-Казарман унаа жолунун 42-99-чакырым аралыгы (Кара-Гоо ашуусу ашуусу жолдун 72-94-чакырым аралыгында жайгашкан) кар көчкү түшүү коркунучунан улам жабылган.

Азыркы тапта Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду кардан тазалап, кеңейтүү иштери жүрүүдө. Жалпысынан көлөмү 16 320 м3 кар көчкү тазаланды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы