mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Жалал-Абад облусундагы эки автомобиль жолу убактылуу жабылды

Жалал-Абад облусундагы эки автомобиль жолунда кыймыл убактылуу токтотулду.

Тактап айтканда, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тескемесинин негизинде Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 180–215,7-чакырым аралыгына тосмолор коюлуп, жол убактылуу жабылды.
Чектөө күз-кыш мезгилиндеги коопсуздук чараларына байланыштуу киргизилди.

Ошондой эле Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун Жалал-Абад–Казарман–Сары-Кыр тилкесинин 357–443-чакырым аралыгы тиешелүү буйруктун негизинде 1-ноябрдан тартып убактылуу жабылган.

Буга байланыштуу министрлик айдоочуларды жолго чыгар алдында автожолдордогу кырдаалды эске алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы