mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 9-апрелге карата аймактардагы жолчулардын аткарган иштери тууралуу маалыматтардын түрмөгү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жолчулары өздөрүнө бөлүнгөн жол участокторун оңдоо, сактоо жана күтүү иштерин улантууда.
Алсак, №36 жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан Чат-Базар-Арал-Талды-Булак автожолундагы аң- чөнөктөр оңдолууда.
Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз авто жолунун 56-62-чакырымдарында №36 жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан жолду тегиздөө иштери жүрүүдө.
Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт автожолунун 66,5-67,5-чакырымдарында №36 жол тейлөө ишканасынын жолчулары парапеттерди тазалап жатышат.
Мындан тышкары, Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт автожолунун 30-чакырымында жол белгилерин орнотуу иштери аткарылууда.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы