mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 25-мартка карата  аймактардагы жолчулардын аткарган иштери тууралуу маалымат

Бүгүн, 25-мартта КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аймактардагы жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери аң-чөнөктөрдү жамоо,  тегиздөө жана жол белгилерин чийүү, актап-сырдоо иштерин аткарышууда.

Алсак, министрликтин №45 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары  Ош-Кара-Суу-Савай  унаа жолунун 6-12-чакырымдарында   аң-чөнөктөрдү жамоого  даярдыктарды көрүшүүдө.

Мындан тышкары ушул эле жолдун 12-18-чакырымдарында жол белгилерин чийүү, ал эми Жаңы-Арык-Кызыл-Суу автожолунун 9-36-чакырымдарында жолду тегиздөө иштери жүрүүдө.

Бишкек-Каракол-Ананьева унаа жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо жана чуңкурларды толтуруу иштери №4 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары тарабынан аткарылууда.  

Ал эми министрликтин  Баткен   филиалынын жумушчулары Ош-Баткен-Исфана автожолунда   актап-сырдоо иштерин  жүргүзүшүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин  басма сөз кызматы.