Боом капчыгайында убактылуу жол жабылат️
- 17 просм.
20-30-апрель күндөрү күн сайын саат 9:00дөн 16:00гө чейинки аралыкта Боом капчыгайында атайылап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу унаа жолу убактылуу жабылып, ар 15–20 мүнөт сайын таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар бир тилке менен өткөрүлүп турат.
Таш кулатуу иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө филиалы тарабынан жана ИИМдин ЖКККББ кызматкерлери менен биргеликте жол коопсуздугун камсыздоо жана таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында уюштурулууда.
Транспорт министрлиги айдоочулардан түшүнүү менен мамиле кылууга, алдын ала маршрутун пландап алууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

