mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек–Ош унаа жолунда селдин кесепеттери ыкчам жоюлуп, каттам толугу менен калыбына келтирилди

Кечээ, 21-июлда Бишкек–Ош автожолунун 249-чакырымында эки ирет сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Жерине министрликтин атайын техникалары ыкчам тартылып, сел суусунун агымын буруу, жолду ылай жана таштардан тазалоо, ошондой эле жол кыймылын мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Аткарылган иштердин натыйжасында жол толугу менен тазаланып, учурда унаалар эки багытта тең тоскоолдуксуз каттап жатышат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды тоолуу аймактарда жүрүүдө этият болууга, аба ырайынын шарттарын эске алууга жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматы