Бишкек–Ош жолунда селдин кесепеттери ыкчам жоюлуп, каттам калыбына келтирилди
- 41 просм.
22-июнда түнкү саат 01:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек–Ош унаа жолунун 432–435-чакырым аралыгында сел жүргөн.
Жеринде атайын техникалар ыкчам тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Натыйжада жол бүгүн,таңкы саат 05:00го карата тазаланып, каттам берилди.
Учурда жолду толук тазалоо иштери улантылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
