mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек мэриясынын күндүзү оор жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичинде жүрүүсүнө киргизген чектөөсү боюнча массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтарга КРдин Транспорт жана  коммуникациялар министрлигинин жообу

Бүгүнкү күндө  «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин автомобиль жолдорунда мамлекеттер аралык ташууларды жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын массалары жана габариттери жөнүндө макулдашуу» жөнүндө Минск келишимине ылайык кабыл алынган  2011-жылдын 8-августундагы № 454 Токтомундагы талаптар актуалдуу.  Бул токтом менен киргизилген чектөөлөрдүн бардыгы курулган жана курулуп жаткан жолдорду сактап калуу, аларды узак мөөнөттө пайдалануу максатында жүргүзүлүүдө.

Транспорт каражаттарынын октук басымын көбөйтүү маселеси боюнча КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин , “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунун  И. Раззаков атындагы КМТУ жана «Кыргыз Хово транспорту»коомдук бирикмесинин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү.

2024-жылдын 12-апрелинде аталган комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда  жер-жерлерде иш-чара өткөрүлөт.  Алсак, Маловодное айылында жолдун бетине экспертиза жүргүзүлүп, андан кийин гана тиешелүү чечимдер чыгарылат.

Эгерде жол эксперттери тарабынан жолдо жүрүү үчүн коюлган октук басым оң корутунду берилсе, анда КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 Токтомуна карата өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тиешелүү долбоорлор даярдалат.