Бишкек–Күн-Туу–Шопоков автожолунда асфальт басуу иштери кызуу жүрүүдө
- 24 просм.
Бишкек–Күн-Туу–Шопоков автомобиль жолунун 5–6-чакырымдарында ЩМА технологиясы менен асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери уланууда.
Жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн бул жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө. Долбоор жол инфраструктурасын жакшыртууга жана транспорт кыймылы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ал эми учурда жеринде 30дан ашык атайын техника жана 70тен ашык жумушчу иш алып барууда.
Белгилей кетсек, Бишкек–Күн-Туу–Шопоков автожолу Сокулук районундагы маанилүү транспорттук каттамдардын бири болуп саналат.
Андыктан аталган жолдун жаңыланышы жергиликтүү тургундардын жана айдоочулардын коопсуз, ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзөт.
Жол куруу иштеринин сапаты Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

