mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткен: Сел каптаган унаа жолдор тазаланууда

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Раззаков-Андарак-Көк-Таш, Коргон-Катран-Баул, Самат-Замбуруч-Жаркыштак унаа жолдорунда бир тараптуу каттам бар. Учурда жерине тартылган атайын техникалар жана аймакты тейлеген жолчулар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу, кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-май күнү башталган жаандан улам Лейлек районундагы Коргон-Катран-Баул (16-25-чакырымдар аралыгы), Ош-Баткен-Раззаков (330-375-чакырымдар аралыгы), Раззаков-Андарак-Көк-Таш (13-27-чакырымдар аралыгы), Самат-Замбуруч-Жаркыштак (8-25-чакырымдар аралыгы) унаа жолдорунда сел жүрүп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган.

Учурда Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу эки тараптуу ачык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы