mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

«Барскоон – Бедел» унаа жолунда 2 туннель жана эстакадалык көпүрө курулууда

«Барскоон — Бедел» унаа жолунун бардык узундугу (болжол менен 161 чакырым) боюнча геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук аяктап, долбоордук документтер даярдалды.

Учурда туннелдерди куруу багытында иштер уланууда. «Сөөк» жана «Ашуу-Суу» туннелдеринде казуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле көпүрө конструкциялары үчүн свай кагуу иштери аткарылууда.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө Карасай дарыясы аркылуу узундугу 60 метр болгон убактылуу көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул объект курулуш иштерин жана жергиликтүү калктын кыймылын жеңилдетүүгө өбөлгө түздү.

Долбоордун алкагында унаа жолун куруу, 50дөн ашык көпүрө, 2 туннель жана башка коргоочу инфраструктуралык курулуштарды салуу каралган.

Объектте 1 100дөн ашык жумушчу эмгектенип, жакынкы мезгилде алардын саны 1 500 – 2 500 адамга чейин көбөйтүлөт.

Курулушка керектүү негизги техника жеткирилип, кошумча жабдууларды алып келүү иштери уланууда. Ошондой эле бетон заводдору, майдалоо комплекстери жана убактылуу өндүрүштүк базалар ишке киргизилген.

Жалпысынан долбоор пландалган графикке ылайык туруктуу жүрүп жатат. Негизги курулуш иштерин 2029-жылы аяктоо, ал эми объектти 2030-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы