mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Балыкчы шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу кызуу жүрүүдө

Балыкчы шаарында узундугу 6,4 чакырымды түзгөн айланма унаа жолунун курулушу кызуу жүрүп жатат. Долбоордун курулушу 2026-жылдын апрель айында башталган.

Жол 4 тилкелүү болуп, 3 айланма кесилишти, темир жол аркылуу өтүүчү көпүрөнү, 12 суу өткөрүүчү түтүктү, туурасы 4,5 метр болгон велосипед жолун жана автоунаа токтотуучу жайды камтыйт.

Жаңы айланма жол шаардын борборундагы транзиттик унаалардын агымын азайтып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатат, жол жүрүү убактысын кыскартат жана аймактар аралык транспорттук байланышты жакшыртат. Учурда курулуш аянтында 34 даана техника жана 60 адис эмгектенүүдө.

Жолдун курулушу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы