Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолуна кар жаады
- 20 просм.
Балыкчы – Нарын – Торугарт автожолунун 445-544-чакырымына түндө кар жаап, анын калыңдыгы 25-35 сантиметрге чейин жеткен.
Учурда министрликтин кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, кар тазалоо иштери жүрүүдө.
Тоолуу аймактарда аба ырайы кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты ашырбай, коопсуздук аралыкты так сактоого чакырабыз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы