Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы сел толугу менен тазаланды. Эки тараптуу каттам бар
- 87 просм.
Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 361–367-чакырымына 14-июлдун кечинде 3 жерден сел жүрүп, жолдун бир тарабы убактылуу жабылган. Жеринде министрликтин №31 Жол тейлөө мекемеси тазалоо иштерин ыкчам жүргүздү.
Жолчулар таңкы саат 04:00гө чейин атайын техникалардын жардамы менен сел жүргөн тилкелерди толугу менен тазалап, жолду коопсуз пайдаланууга даярдашты. 06:00дөгү каттам үчүн эки тараптуу кыймыл толугу менен ачылды.
Учурда жолдун жээгинде калган сел калдыктарын тазалоо жана жолдун туурасын кеңейтүү иштери улантылып жатат. Кырдаал тиешелүү жол кызматкерлердин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы