Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолу заманбап жолго айланат. Министрдин биринчи орун басары аткарылып жаткан иштер менен таанышты
- 76 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолун реконструкциялоо долбоорунун жүрүшү менен жеринен таанышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ал курулуш иштеринин сапатын камсыздоо, аткаруу темпин күчөтүү жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо боюнча подряддык уюмдун жана тиешелүү мекеменин жетекчисине бир катар тапшырмаларды берди.
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолун реконструкциялоо долбоорунун жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт.
Долбоор аяктагандан кийин жол II категориядагы төрт тилкелүү, ортосу барьердик тосмо менен бөлүнгөн заманбап автожолго айланат.
Учурда автожолдун 0–25-чакырым аралыгы толугу менен реконструкцияланып бүтүп, кабыл алуу иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми жолдун калган бөлүгүндө негизги курулуш иштери дээрлик аяктап, акыркы этаптагы жумуштар кызуу темпте улантылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан жол куруу жана реконструкциялоо иштеринин сапатын, ошондой эле белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышын туруктуу көзөмөлдөөнү улантат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

