Байтик айылынан “Ала-Арча” паркына чейин 13 чакырым веложол курулууда
- 22 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Байтик айылынан «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына чейинки жалпы узундугу 13 чакырымды түзгөн веложолдун курулуш иштери боюнча маалымдайт.
Бүгүнкү күндө долбоорду ишке ашыруунун алкагында төмөнкү иштер аткарылды:
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча: Веложолдун 4 200 метр аралыгына асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген.
2026-жылдын учурдагы көрсөткүчү: Пландалган иштердин негизинде жолдун дагы 4 800 метр тилкесинде жер иштери уланууда.
Учурда объектте курулуш иштери бекитилген графикке ылайык уланып жатат.
Долбоор аймактын туристтик потенциалын жогорулатууга жана жарандардын активдүү эс алуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы