Ата мекендик жүк ташуучулар менен жолугушууда «дозвол» уруксат кагаздарын берүү маселелери талкууланды
- 18 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде эл аралык жүк ташуучулар үчүн уруксат кагаздарын (дозвол) берүү жана бөлүштүрүү механизмдерин өркүндөтүү маселеси талкууланды. Бул багыттагы көйгөйлөрдү ачык талкуулоо жана тармак өкүлдөрүнүн сунуштарын угуу максатында жүк ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуу министрдин орун басары Турганбаев Кубанычбек Жээналиевичтин төрагалыгы алдында өтүп, ага министрликтин тиешелүү түзүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери, 70тен ашык жүк ташуучу ишкананын өкүлдөрү, Эл аралык автомобиль ташуучулар ассоциациясынын төрагасы , ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген жүк ташуучулар катышты.
Талкуунун өзөгүн эл аралык жүк ташууларда колдонулуучу уруксат кагаздарын (дозвол) берүү жана бөлүштүрүү тартиби түздү. Министрлик тарабынан уруксат кагаздарын бөлүштүрүү процессинде айрым жүк ташуучу компаниялар тарабынан (“дозвол” уруксаттарын жасалма жол менен сактап калуу, алардын тартыштыгын пайдалануу менен баасын жогорулатып кайра сатуу, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн болгон аракеттер) орун алып жаткандыгы белгиленди. Мындай көрүнүштөргө жол бербөө, уруксат кагаздарын бөлүштүрүүдө адилеттүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында санариптик системага өтүү зарылдыгы айтылды.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жүк ташуучулардын Кыргызстандын аймагында иш алып баруусунда мыйзам талаптарынын сакталышы, анын ичинде транспорт каражаттарынын салмактык жана габариттик ченемдерин сактоо маселелер жүк ташуучулар тараптан көтөрүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында айтылган сунуштарды иштеп чыгуу жана көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча министрликтин өкүлдөрү менен жүк ташуучулардан турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.
Маалымат үчүн:
2026-жылдын 7 айында эл аралык автомобиль ташууларына 137 680 уруксат кагазы берилип, 462,3 млн сом республикалык бюджетке түшкөн. 2025-жылдын ушул мезгилинде 115 337 уруксат кагазы берилип, 392,4 млн сом түшкөн.
2026-жылга карата эл аралык ташууларды камсыз кылуу максатында 41 мамлекеттен 177 713 уруксат кагазы алынган. Анын ичинде 45 040 даанасы квота боюнча, 5 785 даанасы кошумча алынган.
Ошондой эле, 126 888 электрондук уруксат кагазы алынып, анын 110 486 даанасы кыргызстандык жүк ташуучуларга пайдаланууга берилди. Электрондук уруксаттар негизинен Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Кытай, Казакстан жана Грузия менен эл аралык жана транзиттик ташууларды камтыйт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

