Ара-Көл–Оро-Башы унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлүүдө
- 21 просм.
Нарын облусунун Кочкор районундагы Ара-Көл–Оро-Башы унаа жолунун 5 чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери кызуутжүрүп жатат.
2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолго жалпы узундугу 5 чакырым жолго асфальт-бетон төшөө каралган.
Учурда №955 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан курулуш иштери бекитилген графикке ылайык кызуу уланып, асфальт-бетон аралашмасы төшөлүүдө.
Аталган жол Кочкор районунун Чолпон айыл аймагындагы Ара-Көл жана Оро-Башы айылдарын байланыштырат.
Асфальт төшөө иштери аяктагандан кийин жол кыймылы жеңилдеп, транспорт каражаттары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Жол куруу жана оңдоо иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

