Араван районунда Караван – Төө-Моюн автожолунун 7 чакырымына асфальт төшөлүүдө
- 74 просм.
Ош облусунун Араван районундагы Караван – Төө-Моюн автожолунда оңдоо иштери жүрүүдө. Жалпы узундугу 28 чакырымды түзгөн автожолдун 7 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Учурда аталган тилкеде жер жумуштары толук аяктап, асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Жеринде жумуштарды аткарууга 3 каток, 1 асфальт төшөөчү техника, 1 автогрейдер, 2 суу ташуучу унаа, 40 автосамосвал жана 10 кызматкер тартылган. Автожолду оңдоо иштери аймактагы транспорттук каттамдарды жакшыртууга жана жол кыймылынын ыңгайлуулугун камсыздоого багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


