Араван районунда автожолдорду жаңылоо иштери уланууда
- 41 просм.
Ош облусунун Араван районундагы Араван – Төө-Моюн автожолунун 10 километрин асфальттоого даярдоо үчүн жолду кеңейтүү жана тегиздөө иштери уланууда. Жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн автожолдо 4 экскаватор, 15 автосамосвал, 2 каток, 2 суу ташуучу унаа жана 1 жүктөгүч тартылган. Ошондой эле 20дан ашуун кызматкер эмгектенүүдө.
Мындан тышкары, аймактагы башка автожолдордо да асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин Уйгур-Абад – Лангар – Дөбө-Коргон автожолунун 9 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктаган. Ошондой эле Партсъезд – Ленин автожолунун 4 чакырымына асфальт басылып бүтүп, колдонууга берилген.
Учурда Караван – Төө-Моюн автожолунун 7 чакырымына асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул менен бирге Ноокат – Араван – Төө-Коргон автожолунун жалпы 9 чакырымына эки катмар асфальт төшөө пландалып, бүгүнкү күнгө карата 6,5 чакырымы бүткөрүлдү. Калган тилкелерде жер жумуштары тынымсыз уланууда.
Белгилей кетсек, аталган автожолдорду асфальттоо иштерин №44 Жол тейлөө мекемеси аткарууда. Жүргүзүлүп жаткан иштер жолдордун абалын жакшыртууга, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле аймактар арасындагы транспорттук байланышты өнүктүрүүгө багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы