Ала-Бука–Караван автомобиль жолунун 7 чакырымына асфальт төшөлүүдө
- 32 просм.
Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука–Караван автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери кызуу уланууда.
2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган.
Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу багытында тиешелүү бир катар иштер жүргүзүлүүдө.
Бул жолдун оңдолушу менен аймактагы калктын каттамы жеңилдеп, жол жүрүү коопсуздугу жогорулайт.
Жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
