Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 100 чакырымы асфальтталууда
- 24 просм.
Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган стратегиялык маанилүү Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулуш өз нугунда жүрүүдө.
Буга чейин жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөрүлгөн. Учурда калган 20 чакырым тилкени асфальттоо боюнча иштер уланууда.
Бүгүнкү күнгө карата 0–64-чакырымдары жана 79–100-чакырымдары аралыгында асфальттын биринчи катмары төшөлүп, 0–48 жана 91–100-чакырымдарында экинчи катмарын төшөө иштери аяктады. Азыркы тапта Чапчыма ашуусунун айланасындагы 64–79-чакырымдарда жер жумуштары жана жол негизин асфальттоого даярдоо иштери жүрүп, 48–64-чакырымдар аралыгында асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө.
Жолдун курулушу толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Автожол III техникалык категорияга кирет. Ал 2 тилкелүү болуп, оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ылайыкталып салынууда.
Республика боюнча жүрүп жаткан жол куруу долбоорлору Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып, министр Талантбек Солтобаев тарабынан жеке көзөмөлгө алынган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы