Акыркы 10 айда транспорттук көзөмөлдөн казынага 385 млн сомго жакын каражат түштү
- 68 просм.
Транспорт департаменти 2026-жылдын 10 айында жүргүзүлгөн транспорттук көзөмөлдүн жыйынтыгын чыгарды. Отчеттук мезгилде 740 миңге жакын унаа текшерилип, 12 457 укук бузуу аныкталды жана тиешелүү протоколдор түзүлдү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 56,36%га көп.
Мамлекеттик казынага түшкөн каражаттардын негизги багыттары:
-Айып пулдар: Укук бузуулар үчүн салынган айып пулдардан 186 млн 638 миң сом өндүрүлдү (өткөн жылга салыштырмалуу +89,79%).
-Салмак-габариттик көзөмөл: Ченөөдөн түшкөн жыйым 11 млн 122 миң сомго жакын болду (+61,98%).
-Жолго келтирилген зыян: Ордун толтуруу төлөмдөрү 19 млн 941 миң 457 сомду түздү (+50,11%).
-Көп жолу колдонулуучу уруксат кагаздары: Бул багытта 14 млн сомдон ашык каражат топтолуп, өсүү 212,47%ды түздү.
-Атайын уруксат кагаздары: Аларды берүүдөн 213 млн 307 миң 213 сомго жакын жыйым түштү (бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 24,90%га азайган).
Жалпы жыйынтык: 2026-жылдын 10 айында транспорттук көзөмөлдүн алкагында республикалык бюджетке жалпы 384 млн 895 миң 732,6 сом өндүрүлдү. Бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,20%га көп.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы