mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өлкөнүн ашууларында жана жолдорунда унаалардын жүрүүсүнө чектөө жок

Бүгүн, 13-февралда  Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөөдө.

Суусамыр-Талас-Тараз автожолунун 36-84-чакырымдарында кардан тазалоо жана кум себүү иштери №36 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары тарабынан жүргүзүлүүдө.

Чыйырчык, Өтмөк, Долон, Сөөк , Ала-Бел, Талдык, Тон-Мурун, Төө-Ашуу,  Чапчыма ашууларында жолчулар инерттик материалдарды үзгүлтүксүз чачышууда, жол ачык. 

Ушундай эле иштер Түп-Кеген,  Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолдорунда дагы жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.