mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ы. Бариев “Infolab Narloch” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен тахограф системасын талкуулады

2024-жылдын 26-февралында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ы. Бариев Польша Республикасынын “Infolab Narloch” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда “Infolab Narloch” ЖЧКсынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик тахографтар системасын киргизүүнү талкуулашты.
Тахограф — жөнөкөй сөз менен айтканда, бул айдоочунун смарт-картасы жана ал ар бир айдоочуну идентификациялоо үчүн талап кылынат. Анда айдоочунун иш графиги, эс алуу убактысы жана жолдо жүргөнү тууралуу маалыматтар камтылат. Бул айдоочунун убагында эс алганын, иштегенин жана жолдогу коопсуздукту сактоосун камсыз кылуу жана көзөмөлдөө болуп саналат.
“Infolab Narloch” ЖЧКсынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасында тахографты колдонуу менен көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн бул санариптик программан орнотуу максаты менен келишти. Ошондой эле алар “Infolab Narloch” ЖЧКсынын жогоруда белгиленген программасы Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө коюлуп, ишке киргенин маалымдашты.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы