mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ы. Бариев “Борбор Азия менен байланыштар боюнча аймактык диалогдун” ишине катышып келди

2024-жылдын 11-12-мартында Стамбул шаарында Борбордук Азиядагы трансчегаралык байланыш долбоорлорун аныктоого жана баалоого багытталган кызыкдар тараптардын диалогуна көмөктөшүү максатында “Борбор Азия менен байланыштар боюнча аймактык диалог” болуп өттү.

Кыргыз Республикасынан “Борбор Азия менен байланыштар боюнча аймактык диалогдун” ишине Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев катышты.

Ислам өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы жана Өнүктүрүү каржылоо боюнча көп тараптуу кызматташтык борбору биргелешип уюштурган бул иш-чара Борбордук Азиядагы аймактык экономикалык кызматташтыкты жана интеграцияны өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат.

Жогорудагы иш-чарага КРдин Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары  Ы. Бариев катышып, ведомствонун  Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте учурда ишке ашып жаткан жана келечекте ишке аша турган долбоорлору тууралуу презентация жасады. 

Ошондой эле ал Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча да маалымат берип, аны каржылоо үчүн инвесторлорду чакырды.

Бул иш-чарада диалогдун максаттары, тарыхы жана милдеттери баяндалып, Борбордук Азиядагы трансчекаралык байланыштардын артыкчылыктуу долбоорлорун аныктоону жана баалоону колдоо үчүн негизги кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Акыркы жыл ичинде  жогоруда баяндалган банктардан турган биргелешкен жумушчу топ Борбордук Азиядагы ички аймактык байланышты жакшырта ала турган инфраструктуранын негизги секторлорун аныктоо үчүн стратегиялык карталоону жүргүзүшкөн.

Изилдөө транспорт жана логистика, энергетика жана санариптик байланыш тармактарына инвестицияларды тартуунун артыкчылыктуу тармактары катары аныкталды.

Борбордук Азиядагы биригүү долбоорлору боюнча регионалдык диалог келечектеги инвестициялар жана Борбордук Азиядагы трансчегаралык бирикменин артыкчылыктуу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн негиз салуу менен кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташуу жана берилгендик сезиминин жанданышы менен аяктады.